Бүгүн, 25-июлда, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен Корея Республикасынын иш менен камсыз кылуу жана эмгек министри Ли Чжонг Сиктин жолугушуусунун алкагында кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Документтин максаты-иш менен камсыз кылуу, кесиптик даярдоо жана эмгекти коргоо жаатындагы саясатты иштеп чыгуунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Министр Кудайберген Базарбаевдин айтымында, кореялык иштөөгө уруксат берүү системасынын (EPS) алкагындагы кызматташтык жакшы натыйжаларды көрсөтүүдө.
«Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун кабыл алган өлкөлөрдө эмгек мигранттары үчүн коопсуз шарттарды түзүү жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу менен Эмгек министрлиги кыргызстандыктарга ар кандай тармактарда тажрыйба топтоо жана потенциалын жогорулатуу үчүн чет өлкөдөн жумушка орношууга көмөк көрсөтүүдө.
Белгилей кетсек, кыргызстандыктар Корея Республикасынын ишканаларында иштеп, жалпысынан 5 миңден ашык эмгек келишими түзүлгөн. Көпчүлүгү тамак-аш жана кагаз өнөр жайында эмгектенишет. Ошондой эле жумуш берүүчүлөр тарабынан турак жай жана тамактануу каржыланат. EPS системасы боюнча өткөн жылы 888 адам, быйылкы жылдын башынан бери 269 адам жумушка орношкон.