Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы менен Корея токой кызматынын ортосунда токой калыбына келтирүү боюнча жаңы биргелешкен долбоордун расмий ачылышы өттү. Иш-чарада тараптар долбоордун негизги багыттарын талкуулап, алдыдагы иштер боюнча макулдашты.
Долбоордун алкагында Кыргызстанда заманбап көчөтканалар менен күнөсканалар курулуп, жазы жана ийне жалбырактуу көчөттөр аймактардын климаттык шартына жараша отургузулат. Ошондой эле кыргызстандык токой адистерин Кореяда окутуу, өлкө ичинде атайын тренингдерди өткөрүү пландаштырылууда.
Долбоорду ырааттуу ишке ашыруу үчүн Токой кызматынан атайын кеңсе ачылды. Ири демилгенин алкагында үч токой питомниги түзүлүп, Мамлекеттик токой фондунун 300 гектар аймагында бул жаатта иш жүргүзүү пландаштырылууда.
Тараптар бул кызматташтык өлкөнүн токой чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө жана экологиялык коопсуздукту чыңдоого олуттуу салым кошорун белгилешти.

