Кыргызстан менен Кытай энергетика жаатында 17 документке кол койду. Бул тууралуу КР Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, документтерге энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Кытайдын Синьцзянь-Уйгур автономиялуу районунда иш сапарынын алкагында энергетика тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында кол коюлду. Бул Кытай менен Кыргызстандын энергетика тармагындагы жаңы багыттарына жол ачат.
Меморандумдун максаты — КР Энергетика министрлиги менен Goldwind Science & Technology Co., Ltd. энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, кубаттуулугу 3 ГВт чейин шамал станцияларын куруу, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу ошондой эле Кыргызстандагы энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү ресурстарга баа берүү болуп саналат.