"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда инвестициялык долбоор талкууланды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Кытайдын Hubei Azhi Construction Engineering Co., Ltd. компаниясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.

Компания Кытайда катталган жана курулуш, инфраструктура, энергетика жана өнөр жай тармактарында ири долбоорлорду ишке ашырып келген тажрыйбасы бар. «Бир кур — бир жол» демилгесинин алкагында кытайлык тарап Кыргызстанда тамеки продукциясын кайра иштетүүчү фабрика курууга кызыкдар экенин билдирген.

Тараптар долбоорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык шарттарды изилдөө, фабрика курула турган аянтты тандоо жана керектүү жол-жоболорду биргеликте алып баруу жөнүндө макулдашышты.

Бул долбоордун чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана Кыргызстандагы өнөр жайды өнүктүрүүгө салым кошору айтылды. Инвестициялар боюнча улуттук агенттик инвесторго бардык этаптарда колдоо көрсөтөрүн маалымдады.