Министрлер Кабинетинин маалыматына караганда 2023-жылдын аягында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү 19 миллиард 804 миллион долларын түзгөн.
2022-жылга салыштырмалуу 30%га өсүү болгон. Мында импорт 83 миллион 182 миң долларын, экспорт 19 миллиард 720 миллион долларды түздү.
Эске салсак, 31-мартта Чолпон-Ата шаарында Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Элдик Өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз жетектеген кытайлык делегациянын курамындагы ишкерлер Ысык-Көл облусунун жетекчилери, райондордун акимдери, мэрлери жана ишкерлери менен жолугушуусу өттү. Бул иш-чарада эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү пландары да талкууланды.