"Эркин-Тоо"

Кыргызстан менен Малайзия билим берүү тармагындагы кызматташтыгын бекемдейт

15-майда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Малайзия Королдугунун жогорку билим берүү министри Замбри Абдул Кадир менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөнүн багыттары талкууланды.

Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстандын билим берүү жаатындагы артыкчылыктуу деп эсептелген багыттар тууралуу айтып берип, бул жааттагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында эки өлкө ортосунда макулдашууга кол коюу сунушун киргизди.

Малайзия Королдугунун жогорку билим берүү министри бул сунушту колдоп, кыргыз тарап жиберген макулдашуунун долбоорун белгиленген тартипте карап чыгып, кол коюуга даяр экенин билдирди.

Андан сырткары, жолугушууда студенттерди алмашуу программаларын, Кыргызстандан барган студенттердин жогорку билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, мамлекеттик кызматкерлерге англис тилин үйрөтүү үчүн курстарды ишке ашыруу, Малайзиянын белгилүү жогорку окуу жайларынын филиалын ачуу аркылуу жогорку окуу жайларынын арасындагы кызматташтыкты бекемдөө темалары талкууланды.

Билим берүү жана илим министри КР Президенти тарабынан демилгеленген «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясы тууралуу айтып, таланттуу жаштарды колдоо максатында бул программа аркылуу Малайзиянын алдыңкы жогорку окуу жайларында окутуу мүмкүнчүлүгүн караштырып көрүүнү сунуш кылды.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!