"Эркин-Тоо"

Кыргызстан менен Малайзиянын футбол курамалары беттешет

Бишкекте 6-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстан жана Малайзия улуттук курамаларынын беттеши өтөт.

Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашкандай, аталган оюн 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын квалификациялык экинчи раундунун бешинчи турунун алкагында өтөт. Беттеш саат 21:00дө башталат. Ал эми көрүүчүлөр үчүн стадион саат 19:00дөн баштап ачык болот.

Күйөрмандарды стадиондо семплинг зонасы, фудкорт, мерч сатуулары жана баалуу белектер менен ойноло турган конкурстар күтөт.

Аталган беттешке билеттер ticket.kg, сайтында жана билет операторунун сатуу түйүндөрүндө жеткиликтүү.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!