"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кыргызстан менен Монголия ишкерлер кеңешин түзүштү

21-июль күнү Бишкекте өткөн кыргыз-монгол бизнес-форумунун алкагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Кыргыз-монгол ишкерлер кеңешин түзүү боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Толкунай Таалайбекова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, кеңештин алгачкы жыйыны ушул жылдын сентябрь айында Монголияда өтмөкчү.

— Бизнес-форум ийгиликтүү өттү десем болот. Өзгөчө Монголиядан келген ишкерлер айыл чарба жана IT тармагында кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти. Биз аларга инвестиция жөнүндө мыйзамдын алкагында жагымдуу шарттарды, салык жеңилдиктерин сунуштап жатабыз, — деди Таалайбекова.

Форумдун алкагында тараптар дагы бир катар маанилүү келишимдерге кол коюшту. Анын ичинде “Кыргызалтын” ААК менен Монголиянын борбордук банкынын ортосунда жана жүндү кайра иштетүү, кийим өндүрүү багытында эки өлкөнүн компанияларынын ортосунда эки келишим түзүлдү.