"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы — КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси

Кыргызстан менен Непал: Тоолуу өлкөлөрдүн кызматташтыгы бекемдейт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Түркмөнстанда өткөн деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясынын алкагында Непалдын премьер-министри Кхадга Прасад Шарма Оли менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар климаттык туруксуздук шартында тоолуу өлкөлөрдүн кызматташтыгы өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти. Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Непал экология жаатында бири-бирин колдоонун жакшы тажрыйбасын иштеп чыкканын айтып, Непалды Тоо өнөктөштүгүнүн сүйлөшүү тобуна кошулууга чакырды. Аталган топ БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын алкагында иш алып барат.

Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, туризм, текстиль өнөр жайы, айыл чарбасы жана гидроэнергетика тармактарында биргелешкен аракеттерди кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришти. Ошондой эле, БУУнун алкагында өз ара колдоого негизделген кызматташтыкты мындан ары да улантуу маселеси талкууланды.

Жолугушуунун соңунда Адылбек Касымалиев Непалдын премьер-министри Кхадга Прасад Шарма Олини Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.