"Эркин-Тоо"
Спорт

Кыргызстан менен Нидерланддардын футзалчылары беттешет

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы бүгүн, 20-июнда, Хорватияда өтүп жаткан эл аралык «Futsal Week June Cup» турниринде экинчи беттешин өткөрөт.

Турнир 18-июнда Пореч шаарында төрт курама команданын катышуусунда башталган. Кыргызстан курамасы бүгүн Нидерланддар менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат.

Биринчи турда кыргызстандыктар Францияны 2:1 эсебинде жеңсе, ал эми Нидерланддар Черногорияны 3:1 эсебинде жеңген.