"Эркин-Тоо"

Кыргызстан менен Орусиянын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө министр Кулубаев Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысын мамлекеттик майрамы – Орусия күнү менен куттуктап, ошондой эле кыргыз-россиялык мамилелерин мындан ары өнүктүрүүсүн жана эл аралык уюмдарда өз ара аракеттенүүсүн талкуулады.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери мындан ары да прогрессивдүү өнүгүп, чыңдаларына ишеним билдиришти.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!