"Эркин-Тоо"
Коом

Кыргызстан менен Түркиянын ИИМ кызматкерлери биргеликте машыгуудан өтүштү

2022-жылдын 31-январынан 10-февралга чейин КР ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун базасында милиция кызматкерлерине Түркиянын Ички иштер министрлигинин эксперттери тактикалык окуу-машыгууларды өткөрүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки мамлекеттин ички иштер министрликтеринин жетекчилеринин эки тараптуу макулдашууларынын негизинде массалык башаламандыкты токтотууга, коомдук коопсуздукту, тартипти сактоого багытталган тактикалык иш-чараларды, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын карамагындагы атайын каражаттарды туура жана натыйжалуу колдонуу боюнча окуу-машыгуулар уюштурулду.

Ага ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунан, ички аскерлеринен, күзөт кызматынан, милициянын кайгуул кызматынан, Бишкек шаарынын ИИББден жана Академиянын кызматкерлери катышып,  тастыктамалар тапшырылды.