Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында Татарстан Республикасынын Раиси Рустам Минниханов менен жолугушту.
Амангелдиев Президент Садыр Жапаровдун атынан салам жолдоп, Кыргызстан менен Татарстандын стратегиялык өнөктөштүк негизиндеги мамилеси чыңдалып жатканын баса белгиледи.
Данияр Амангелдиев Татарстан менен инвестицияларды тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде өнөр жай кооперациясын түзүүгө багытталган долбоорлор боюнча кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин билдирип, ар кандай тармактарда өз ара пайдалуу байланыштардын келечегин талкуулоого даяр экенин ырастады.
Өз кезегинде Рустам Минниханов Татарстан менен Кыргызстандын ортосунда кызматташуунун келечеги кең экенин белгиледи. Буга байланыштуу ал жакынкы аралыкта Кыргызстанга жана Татарстанга өз ара бизнес миссияларын уюштурууну, ошондой эле санариптик жана финансылык кооперацияны жана билим берүү демилгелерин ишке ашырууда биргелешкен долбоорлорду сунуштады.
Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Татарстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2025-2027-жылдарга соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-гуманитардык кызматташтык жөнүндөгү өкмөттөр аралык макулдашууну ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-чаралар планына кол коюлду.
Төраганын биринчи орун басары жана Татарстандын башчысы бул документ эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү андан ары өнүктүрүү үчүн натыйжалуу «жол картасы» болоруна ишеним билдиришти.

