Кечээ, 8-июлда, Президент Садыр Жапаров жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Душанбе шаарында өткөн эки өлкөнүн Улуттук өндүрүмдөр көргөзмөсүнө барышты.
Мамлекет башчылары көргөзмөдө Кыргызстан менен Тажикстандын өнөр жай тармактарындагы жетишкендиктерин камтыган экспозициялар менен таанышты.
Кыргызстандын көргөзмөсүндө жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, айыл чарба жана кайра иштетүү тармактары, ошондой эле автомобиль куруу — анын ичинде жеңил унаалар, жүк ташуучу кичи жана чоң автоунаалар көрсөтүлдү.
Көргөзмө кыргыз бизнесинин мүмкүнчүлүктөрүн чагылдыруу менен бирге, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда өнөктөштүк байланышты чыңдоого жана тажрыйба алмашууга багытталган маанилүү аянтча катары уюштурулду.
Спросить