"Эркин-Тоо"

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге кол коюлду

Бүгүн, 13-мартта «Ынтымак Ордодо» Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун анын өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн алкагында эки мамлекеттин чек арасы жөнүндөгү келишимге кол коюлду.

Мамлекет башчысы Тажикстан Республикасы менен достук жана ынак коңшулук мамилелерди өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналарын белгиледи.

«Биздин өлкөлөр байыркы тарых, салт жана маданият менен байланышкан. Биз негизги актуалдуу регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча окшош позициядабыз. Мунун баары өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөө үчүн бекем негиз түзөт. Элдерибиздин биргелешкен аракетинин, саясий эркинин жана тынчтыкка жана ынак коңшулаштыкка умтулуусунун аркасында биз биргеликте конструктивдүү өз ара аракеттенүү үчүн бекем негиз түзүп жатабыз», — деди Садыр Жапаров.

Пример HTML-страницы