"Эркин-Тоо"

Кыргызстан менен Улуу Британиянын ЖОЖдорунун кызматташтыгы талкууланды

28-сентябрда билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев Улуу Британиянын Бизнес жана соода министрлигинин Уэльс менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Дэн Уолша менен жолугушту.

Билим берүү жана илим министрлигинин малыматына  ылайык, жолугушууда Кыргызстандын жогорку окуу жайлары жана Улуу Британиянын университеттеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Бекжан Супаналиев министрлик өнөктөш өлкөлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин, студенттер үчүн алмашуу, мамлекеттик кызматкерлер үчүн квалификацияны жогорулатуу программаларын жана мугалимдер үчүн тил үйрөтүү курстарын уюштуруу сунушун билдирди.

Дэн Уолша сунуштарды эске аларын, кызматташтыкты өнүктүрүүгө Британия тарап да кызыкдар экенин белгиледи.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!