Кыргызстан менен жолдоштук беттеш өткөрүү үчүн Россиянын курамасы Бишкекке келди

22-сентябрда Россиянын футбол боюнча улуттук курама командасы Кыргызстандын “Ак шумкар” улуттук курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөрүү үчүн Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол федерациясы билдирди.

Белгилей кетсек, эки кураманын жолдоштук беттеши 24-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.

Вставка изображения в HTML код страницы
Альтернативный текст
error: Content is protected !!