Кыргызстан жана Өзбекстан жарандарына пенсия төлөө механизми алдын ала макулдашылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Пенсиондук фондунун басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушууда эки өлкөнүн делегациялары социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо боюнча өкмөттөр аралык келишимдин долбоорун карашты. Документ улуттук мыйзамдардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен түзүлгөн.
Жаңы келишим Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарына пенсия алуу укугунда тең шарт түзүп, кош төлөмдөрдү жоюуну карайт. Пенсия дайындоодо иш стажы кошо эсептелет, төлөмдөр алуучуларга түз жеткирилет жана жашаган жерине карабай төлөнөт.
Келишим ошондой эле кызматтык командировкалар боюнча эрежелерди камтып, ашыкча төлөмдөрдүн алдын алууга багытталган. Анын ишке ашышы эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты чыңдап, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири долбоорлорго да жол ачары белгиленди.

