"Эркин-Тоо"
Учур маселеси Эркин Тоо гезити

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси — муфтий Абдулазиз Закиров: “Муфтият санариптештирилүүдө”

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан тарта өлкөнүн мусулмандар дин башкармалыгында 10дон ашык муфтий кызмат кылды. Бул аралыкта муфтияттын ишине сындар, мактоолор да айтылып турду. Айрымдары чуулуу окуяларга аралашып кызматынан кетишсе, башкалары жасаган иштери менен элдин эсинде калды. Азыр бул тармакты Абдулазиз Закиров башкарууда. Ал башкалардан айырмаланып, медиа үчүн ачык эмес, бирок кызматын аткарууда активдүүэкендиги айтылууда. Биз муфтийге кайрылып, Мусулмандар дин башкармалыгында кандай өзгөрүүлөр болуп жатканына кызыгып көрдүк.

— Абдулазиз мырза, сиз муфтий болуп дайындалгандан бери тармакта өзгөрүүлөр болгону айтылууда. Аларга токтолуп маалымат бере кетсеңиз?

— Туура айтасыз. Муфтийлик кызматка дайындалгандан тарта Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында бир катар маанилүүөзгөрүүлөргө жана оң жылыштарга жол ачылды. Ишти алгач 5 жылдык 40 кадамдан турган стратегиялык иш план иштеп чыгуудан баштаганбыз. Ал расмий түрдө бекитилген. Бул пландын негизинде учурда көп иштер аткарылып жатат. Алсак, жарандардын кайрылууларын ыкчам кабыл алуу жана жооп кайтаруу үчүн колл-борбор ишке киргизилди. Диний объектилерди онлайн каттоо базасы түзүлүп, анда имамдардын жеке маалыматтары да камтылды. Бул база аркылуу азыр мечиттерди онлайн картадан көрүүгө болот. Башкача айтканда муфтият да санариптештирилүүдө. Медиа-студия түзүлүп, Дин башкармалыгынын тарыхында биринчи жолу өзүнүн туруктуу медиа контенти чыгарыла баштады. Бул калкка маалымат жеткирүүдө эң туура кадам болду десек болот. Ички кат жүгүртүүиштери заман талабына ылайык «Infodocs» электрондук системасына өткөрүлдү. Бүгүнкүкүндө дээрлик бардык аймактык казыяттар ушул система аркылуу иш алып барууда. Имамдардын диний билимин бекемдөө үчүн аймактарда Матуриди акыйдасы боюнча сабактар башталды. Илимий изилдөө институту түзүлүп, ислам илимдерин системдүүизилдөөгө шарт түзүлдү. Президенттин колдоосу менен 40 баш имам-хатибге ата мекендик 40 даана Chevrolet унаасы тапшырылды, калган бөлүгүда жакында берилет. Дин кызматкерлерин материалдык жактан колдоо максатында жооптуу имамдарга 8 миң сомдук стипендия төлөнө баштады. «Улут наркы – эл баркы» аттуу кеңири масштабдагы диний агартуу кербени 7 облуста жана 2 чоң шаарда өткөрүлүп, эл менен түз баарлашуу жолго коюлду. Көп жылдан бери бүтпөй келген Ысык-Көл облустук казыятынын кеңсеси толук бүткөрүлүп, колдонууга берилди.

Бул иштер – элдин ишенимин актай турган, таза, ачык жана натыйжалуу иштерге багытталган аракеттер. Алдыда дагы бир топ иш-аракеттер бар. Буйруса баарын Алла Тааланын жардамы, колдоосу жана коомчулуктун ишеними менен ишке ашырабыз
буюрса.

— Муфтияттын ишинин санариптештирилип жатканы чындыгында жакшы иш. Бирок, тармакта туура эмес иштер да орун алат экен. Жакында Ош шаарынын казысынын кармалышы боюнча муфтият эч кандай билдирүүжасаган жок. Бул окуяны сиз жеке өзүңүз кандай кабыл алдыңыз?

— Дин кызматы зор аманат. Ислам кызматы аппак кагаз сыяктуу. Ага кымындай чекит түшсө, анын актыгын эмес, кипкичинекей болгон чекитти көрүшөт. Андыктан, оболу Жараткандын мыйзамын так сактап, шариятка толук баш иели. Ошону менен катар мамлекеттик мыйзамдарга жана өзүбүздүн диний башкармалыктын уставына ылайык иш алып баралы деп жатабыз. Биз мыйзам үстөмдүгүөкүм сүргөн мамлекеттин жараны болгон соң, өз ишмердүүлүгүбүздү, мисалы финансылык иштерди тиешелүүнормативдерге ылайык жүргүзбөсөк, ниетибиз калыс, оюбуз таза болсо да, укуктук жактан жаңылыш болуп калат.

— Муфтият имамдарга апрель айынан тарта стипендия берип жаткандыгы тууралуу айтып өттүңүз. Бул каражаттар кайсы булактан алынууда?

— Ушул жылдын апрель айынан баштап Кыргызстан боюнча бардык аймактардагы мечит имамдарына расмий түрдө стипендия берүүишке ашырылды. Имамдарга стипендияны Муфтият өз мүмкүнчүлүгүменен берип жатканын белгилеп кетейин. Учурда баары өз нугунда ишке ашырылып жатат. Бул маанилүүчечим дин кызматкерлерин колдоо, диний тармакты бекемдөө жана коомдогу туура диний түшүнүктүөнүктүрүүмаксатында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын демилгеси менен ишке ашууда. Бул жетишкендик өлкөнүн бардык аймактарындагы расмий каттоодон өткөн мечиттерде кызмат өтөгөн имамдарга тиешелүү. Бул аркылуу имамдардын көз карандылыгы азайып, кайрымдуулук же башкалардын колдоосуна таянган шарттан чыгып, калыс, жоопкер жана өз милдетин так аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

— Быйылкы Ажылыктын уюштурулушу боюнча да айта кетсеңиз… Жылда бир нааразычылыктар айтылып турчу. Бул жылы кандай өттү?

— 2025-жылдагы ажылык зыяратын уюштуруу жогорку деңгээлде жүргүзүлдү. Сауд Арабия Падышалыгы Кыргызстанга 6000 ажы зыяратчысына квота бөлүп берген. Муфтият тарабынан атайын республикалык убактылуу штаб түзүлүп, бардык уюштуруу иштери координацияланды. Ажылык сапарына баруучу зыяратчыларды каттоо электрондук форматта өтүп келет. Ошондой эле ажы башчыларды тандоо боюнча ачык сынак жарыяланып, талапкерлер адилеттүүнегизде тандалып алынды. Зыяратчылар үчүн кийим формалары, ыйык жайлар тууралуу окуу программалары, медициналык текшерүүлөр жана башка даярдыктар пландуу түрдө жүргүзүлдү. Бул жылдагы ажылык – иреттүүлүк, ачык-айкындуулук жана жогорку уюштуруучулук деңгээли менен мүнөздөлүп, зыяратчылардын ыйык сапарын тынч жана коопсуз өткөрүүгө бардык шарттар түзүлдү. Андыктан, нааразычылыктар жаралган жок.

 Жазгүл Кенжетаева