Рамазан айы
— Учурда өлкөдөгү диний абал кандай жана кандай маселелерди чукул арада чечүү зарыл деп ойлойсуз?
— Кыргыз Республикасында дин эркиндиги бар. Конституциянын 1-беренесинде Кыргызстандын светтик өлкө экендиги жазылган. Светтик тутум — дин мамлекеттик башкарууга аралашпайт деген түшүнүк. Менин жеке көз карашымда муфтиятка баш ийген расмий дин өкүлдөрү дин эрежелерин сактагандай эле, мыйзамды да сактап иш алып барат. Мамлекеттик мыйзамдарды тааныбаган айрым радикалдуу агымдардын өкүлдөрүнүн бизге тиешеси жок жана аларга укук коргоо кызматкерлери баасын бергени туура. Коомдо секулярдык принципти бурмалап, светтик деген түшүнүктү жамынып, динге каршы чыккан топтор жок эмес. Мындай тараптардын соңку жылдары интернет тармагында активдешип кеткенин байкоого болот. Ырасында исламга каршы чыгуу светтик түзүмгө каршы аракет. Башмыйзамдын 34-беренесинде «Ар бир адамга абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет» деп даана жазылган. Негизинен дин илимдери 3кө бөлүнөт. 1 — акыйда. 2 – шарият, 3-ихсан же адеп-ахлак. Дин кызматкерлери ушул үч багыт боюнча тең иш алып барып жатат. Тактап айтканда, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Акыйдасы жана шарияты туура адамдын адеп-ахлагы кооз болот. Биздин руханий жол башчыбыз Азирети Мухаммед (с.а.в.) көркөм адеп-ахлагы менен бүткүл адамзатка үлгү. Дин 8 жаштагы тестиер баладан 80деги карыяга чейин тарбиялайт эмеспи. Учурда коомдо, өзгөчө жаштар арасында адеп-ахлак боюнча системалуу иш алып баргандар дал ушул дин кызматкерлери. Алар акы албастан улуу исламдын кооз адеп-ахлагын жеткирип келишет. Адам баласы ислам адебинде кооздолсо, ал эч качан зордук-зомбулукка барбайт. Алдыда диний мекемелерди ишин жакшыртуу, оптималдаштыруу, санариптештирүү өңдүү пландарыбыз бар.
— Адамда маалымат алуу мүмкүнчүлүгү кеңейди. Муну менен катар социалдык тиркемелерде дин ишмерлерлери ар түрдүү маселелер тууралуу ойлорун, дааваттарын айтышат, кээ бири аша чаап сүйлөп алгандары да катарыбызда бар. Ушундай иштерди көзөмөлгө алса болобу?
— Элге таанылып калган кээ бир дамлаларыбыз интернет аркылуу динди жеткизип келишет. Кээде ачууга алдырып катуурак айтып коюшат. Адам деген адашуучу. Миң саат туура сүйлөп, бирок капилетке түшүп 10 секундка адашып кетиши мүмкүн. Биз чоң дамлалардын айрым адашууларына кечиримдүү, түшүнүктүү мамиле кылганыбыз жакшыдыр. Дароо баса калып эле «сен адаштың, күйдүң, сен динсиз окшойсуң» деген алсыз мамилени көрсөтпөгөнүбүз туура. Ошол эле учурларда адашып кеткен дамлаларыбыз да өз катасын билип, өз кезегинде оңдоп-түзөө киргизип, маселени жөнгө салса жакшы болот. Бул илимдүү устаздарга, ишенимдүү дин насаатчыларына тиешелүү. Ал эми жөн гана «жылдыз» болгусу келип же туура эмес багыттарга кирип, ошол бузулган жаңылыш түшүнүгүн коомчулукка таңуулагандар да болуп жатат. Аларды тартипке салуу керек. Бирок муфтиятта мындай мүмкүнчүлүк жок болсо да жаңылыш көз караштарды өз убагында төгүндөп турууга аракет кылабыз. Ошондой эле муфтиятта студия ачып, үгүт-насаат иштерин бир калыпка салууга жана өнүктүрүүгө аракет кылабыз. Бул өз кезегинде динди туура нукта жеткирүүгө аракет болмокчу.
— Өлкө боюнча канча мечит жана диний уюм мекемелери бар. Ал эми акыркы кездерде интернетте мусулман балдар бакчаларынын жарнамалары көп кездеше баштады. Алар башка бала бакчалардан куран жана араб тили окутуулуусу менен айырмаланат экен…
— Өлкөбүздө 3 миңдей мечит, 100 дөн ашуун медреселер бар. Ошондой эле жарандардын диний сабаттуулугун көтөрүү жаатында иш алып барган окуу борборлор бар. Ал эми биздин түзүмдө «диний бала бакча» жок. Жеке тараптардын ишине тиешелүү мамлекеттик органдар жооп бергени туура.
— Биздин коомдо айрым ата-энелер балдарын эмдөөдөн баш тартышат, Ислам дини буга кандай жооп берет?
— Жеке мен «диний ишенимди кармаган ата-энелер гана эмдөөдөн баш тартат» деген пикирге кошулбайм. Эмдөөдөн баш тарткандар ар кайсы катмардагы, ар кайсы ишенимдеги же ишеним карманбаган жарандар деле болушу мүмкүн. Исламдын көз карашында, эгер вакцинанын курамында арам кошулма жок болсо, анда уруксат. Эмдөө боюнча медицина адистеринин көрсөтмөсүн орундаткан жакшы деп ойлойм.
— Акыркы кездери умрага барган жарандардын саны көбөйгөнү байкалат, муну эмне менен байланыштырууга болот?
— Умра — бул ибадат. Умрага баргандардын санынын көбөйүшү биринчи кезекте ибадатты орундатуу жеңилдегенинде деп ойлойм. Чыгымдар арзандап, ыңгайлуу шарттардын түзүлүшү көптөгөн мусулман бир туугандардын умрага агылышын шарттоодо. Албетте, диний ибадаттарга жоопкерчиликтүү мамиле кылган жакшы. Ибадатты модага, атаандаштыкка, эл көрсүнгө айлантуу жарабайт, болбойт. Умралар Аллага жакындоонун, руханий бийиктөөнүн, адеп-ахлактын кооздолушунун өбөлгөсү болууга тийиш. Анкени, Бакара сүрөсүнүн 196-аятында ажылык жана умранын Алла үчүн гана аткарылары айтылган.
— Муфтият рамазан айына кандай даярдыктарды көрөт, жалпы журтка кайрылууңуз?
— Муфтият үчүн куттуу орозо айы абдан маанилүү. Борбордук аппаратыбыз, казыят, ар бир мечитибиз касиеттүү Рамазанды кубаныч менен тосуп алдык. Мечиттерибизди даярдап, ифтар жана таравих намазын уюштурабыз. Өлкө боюнча көптөгөн мечиттерибизде толук Куран хатмдарды окууга аракет кылабыз.
Орозонун өзгөчөлүгү жана пазилеттери абдан көп. Рамазан — 11 айдын султаны. Куран түшө баштаган ыйык айы. Ошондой эле орозонун соңку 10 күнүндө касиеттүү Кадыр түн жашырылган.
Урматтуу мусулман кыргыз эли! Рамазан айыңыздар маарек болсун! Бейтаптар айыксын, муктаждар тоюнсун. Баласыздар балалуу болсун, карыздуулар кутулсун. Капачылыктар кечирилсин, күнөөлөр өчүрүлсүн. Алла Таалам орозо айынын урматына Мекенибизге тынчтык, элибизге мол ырыскы, өлкөбүзгө өнүгүү берсин.
Мээрим БАКТЫБЕК кызы
№20 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 12-марты