Бүгүн, 11-июнда футбол боюнча Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянма менен беттешет. Беттеш Осака шаарындагы «Нагаи» стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча 13:00дө башталат. Бул беттеште да айрым футболчулар, дарбазачылар оюнга чыгышпайт. Ал эми 15-июнда Япония менен ойнойт.