"Эркин-Тоо"
Айыл чарба Жаңылыктар

Кыргызстан негизги азык-түлүк өндүрүмдөрү менен өзүн-өзү камсыздоодо

Кыргызстан негизги мааниге ээ болгон тогуз азык-түлүк өндүрүмдөрү боюнча өзүн-өзү камсыздоону улантып келет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Министрликтин маалыматына ылайык, республика сүт, жашылча, бакча өсүмдүктөрү, картошка, эт, шекер жана жумуртка менен ички муктаждыгын жабууга жетишүүдө. Айрыкча сүт жетиштүү болгондуктан, жыл сайын 350–400 миң тоннага чейин сүттү башка мамлекеттерге экспорттоого мүмкүнчүлүк бар.

Азык-түлүк баалары туруктуу бойдон калууда

Айыл чарба министрлиги 29-июлга карата Бишкектеги Ош базарындагы негизги айыл чарба продукцияларынын бааларына мониторинг жүргүздү. Анын жыйынтыгында төмөндөгүдөй орточо баалар катталды:

  • Сабиз – 45 сом

  • Картошка – 50 сом

  • Калемпир – 80 сом

  • Помидор – 35 сом

  • Шабдалы – 120 сом

  • Алма – 100 сом

  • Алча – 380 сом

2025-жылдагы түшүмдү жыйноо иштери жакын арада башталары күтүлүүдө. Ошондуктан, министрлик азык-түлүк баалары күзгө чейин туруктуу сакталарын белгилөөдө.

Негизги өндүрүштүк көрсөткүчтөр (2024–2025):

  • Дан өсүмдүктөрү:
    Жыйым — 664,8 миң тонна. Айдоо аянттары кыскарганына карабай, түшүмдүүлүк жогорулады.

  • Жашылча жана коон-дарбыз:
    Жыйым — 1,2 млн тонна жашылча жана 280,9 миң тонна коон-дарбыз. Камсыздоо деңгээли — 173,9 %.

  • Мөмө-жемиштер:
    Жыйым — 346,2 миң тонна. Камсыздоо деңгээли — 36,1 %. Импорт негизинен Кытай, Өзбекстан, Түркия, Иран, Пакистан, Эквадор жана Бразилиядан келет.

  • Эт жана эт азыктары:
    2024-жылдагы өндүрүм — 257,4 миң тонна. Камсыздоо деңгээли — 86,2 %.
    2025-жылдын 5 айында — 94,5 миң тонна эт өндүрүлүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 3,2 миң тоннага көп болду. Жалпысынан 6 айда калкты камсыздоо деңгээли — 79,7 %.

  • Жумуртка:
    Алты айда — 393,7 млн даана. Камсыздоо деңгээли — 71,3 %.

  • Өсүмдүк майы:
    2025-жылдын алты айында — 12,1 миң тонна өндүрүлүп, камсыздоо деңгээли — 79,9 %ды түздү.