"Эркин-Тоо"

Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам жиберет

Кыргызстан жер титирөөдөн жабыркаган Ооганстан элине гуманитардык жардам көрсөтөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен министрлик тарабынан жакынкы күндөрдө Ооганстанга  75 тонна ун, 20 тонна кумшекер, 5 тонна суумай жана 500 керебет, 1000 жууркан-төшөк жеткирилет.

Ошондой эле Эл аралык жарандык коргонуу уюму тарабынан бөлүнгөн 1 млн сомго аялдар жана балдарга кышкы кийим-кече, бут кийим, оюнчук, таттуу азыктары, гигиеналык каражаттар алынды.

Эске салсак, 2023-жылдын 7-октябрында Афганистандын Герат шаарынын түндүк-батыш тарабында очогунда күчү 6,3 балл болгон жер титирөө катталган. Афганистандын табигый кырсыктар министрлигинин өкүлүнүн расмий маалыматына ылайык, жер титрөөдөн 2 миңден ашуун адам каза болуп, 9 мин 240 адам жараткат алып, 1 миң 300дөн ашуун турак жай жабыркаган.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!