"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

КЫРГЫЗСТАН–ПАКИСТАН АЛАКАСЫНЫН ЖАҢЫ БАГЫТТАРЫ

Өткөн жумада, тагырагы 3-4-декабрда Президент Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасына мамлекеттик сапар менен барып, өлкөбүздүн кадырын арттырган бир катар маанилүү иштерди бүтүрүп кайтты. Тактап айтсак, дээрлик 20 жылдай солгундаган мамилени жандантып,
Кыргызстан–Пакистан кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарып келди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда дипломатиялык мамилелер мындан 33 жыл мурда, 1992-жылдын 10-майында түзүлгөн. Кыргызстандын Президентинин Пакистанга акыркы расмий сапары 2005-жылы болгон. 20 жыл өткөндөн кийин эки мамлекеттин кызматташтыгы кайрадан жаңы деңгээлге чыгып, Садыр Жапаров сапар менен барды. Бул сапар эки мамлекеттин кызматташтыгын арттырууга өбөлгө түзүп, ынтымагыбызды арттырганы турат. Анткени, ортобузда ишке ашып жаткан ири долбоорлор бар. Ошондой эле Кыргызстан менен Пакистан Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Ислам кызматташтык уюму жана Экономикалык кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык аянтчалардын алкагында кызматташып келет.

Биздин өлкөгө болгон эң чоң сый-урмат барган күнү эле байкалды. Садыр Жапаров аэропортко конору менен Пакистандын Президенти Асиф Али Зардари менен Премьер-министри Шахбаз Шариф биргеликте тосуп алды. Мындай жагымдуу көрүнүш бизди да, эл аралык коомчулукту да таң калтырды. Негизи, өлкө башчысы менен өкмөт жетекчиси мейманды аба майдандан чогуу тосуп алганы эл аралык аренада чанда гана кездешет. Жогорку сый-урмат көрсөтүлгөн жерде гана билинет.

Сапардын жүрүшүнө азыноолак токтоло кетсек, биринчи күнүндө Мамлекет Башчысы Исламабад шаарындагы Аэрокосмостук илим жана технологиялар боюнча улуттук парктагы (NASTP) аскердик көргөзмө менен таанышты. NASTP авиация, космос, IT жана киберкоопсуздук тармактарында изилдөөлөрдү, долбоорлоону жана инновацияларды өнүктүрүү үчүн мамлекеттик структураларды, илимий мекемелерди жана өнөр жайды бириктирген заманбап платформа болуп саналат.

Сапардын экинчи күнүндө Садыр Жапаров Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шариф менен тар жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тараптар саясий, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык тармактарда эки жактуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле энергетика, инфраструктура жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү жаатында биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Андан соң экономика, деңиз портторун пайдалануу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, айыл чарба, туризм, энергетика, юстиция жана укуктук маселелер тармактарында кызматташтыкты кеңейтүү жаатында кол коюлган документтерди алмашуу аземи болду. Ошол эле күнү Садыр Жапаров менен Шахбаз Шариф Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы Инвестициялык диалогго катышты. Бизнес-форумдун катышуучуларына Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн ачып берген толук маалымат берилди, Пакистан менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү келечегине өзгөчө көңүл бурулду.

Эки өлкө ортосундагы соода-сатык жаман эмес. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылы Кыргызстандын Пакистан менен соода жүгүртүүсү 16,1 млн долларды түзгөн. Анын 14,2 миллиону импорт, 1,9 млн доллары экспорт болгон. Ал эми 2025-жылдын январь-сентябрында эки өлкөнүн өз ара соодасынын көлөмү 13 млн долларга жеткен. Анын ичинде импорт 11,9 млн, экспорт 1,1 млн долларды түзгөн. Буга чейин орто мөөнөттүү келечекте товар жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүү сунушталган.

2020–2024-жылдар аралыгында Кыргызстандын Пакистан менен товар жүгүртүүсү 2,3 эсеге өскөнү менен Пакистан Кыргызстандын жалпы товар жүгүртүүсүндө аз көлөмдү ээлейт. 2024-жылы болгону 0,09% болсо, ушул жылдын январь-сентябрында 0,12%ды түзгөн. Расмий маалымат боюнча, Пакистандан Кыргызстанга чет өлкөлүк түз инвестициялардын негизги бөлүгү дүң жана чекене соодага, ошондой эле банк тармагына туура келет. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, акыркы 5 жылда Пакистандан Кыргызстанга түз чет элдик инвестициялардын келиши оң динамиканы көрсөттү. 2020 – 2 млн доллар, 2021 – 1,2 млн доллар, 2022 – 4,4 млн доллар, 2023 – 6,9 млн доллар, 2024-жылы – 4,6 млн доллар болду.

Эске сала кетсек, Пакистандан Кыргызстанга фармацевтика, кийим-кече, териден жасалган буюмдар, спорттук шаймандар, транспорт каражаттары, айыл чарба продукциялары (картошка, күрүч, чай, цитрус жемиштери) импорттолот. Ал эми Кыргызстандан Пакистанга фасоль, эт консервалары, авиакеросин, дары-дармек, иштетилген тери, мониторлор, проекторлор, учак тетиктери экспорттолот. Артыкчылыктуу багыттарды камтыган тармактардын катарына энергетика кирет. Эң башында CASA-1000 долбоору турат. Анын алкагында Афганистан, Пакистан өлкөлөрүнө электр энергиясын экспорттоого чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле аймактын транзиттик потенциалын «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» магистралы да бекемдемекчи. Айтор, келечектеги кызматташтыгыбыздын келечеги чоң, биз аны ынтымак менен ырашкерликте ишке ашырышыбыз зарыл.

Кылычбек Кудайбергенов