"Эркин-Тоо"

“Кыргызстан» санаторийинин кызматкерлери үч жылдан бери айлыгын ала албай келет

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында жайгашкан «Кыргызстан» ден соолукту чыңдоо борборунун кызматкерлерине үч жылдан бери маяна бериле элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сеид Атамбаев билдирди.

Анын айтымында, санаторийдин кызматкерлери ага директор Шамил Экеевдин үстүнөн арыз менен кайрылышкан.

Парламентарий кызматкерлерге болгон карыздын жалпы суммасы 8 миллион 800 миң сомду түзөрүн маалымдады. Жалпысынан санаторийде 30 адам иштейт.

Сейид Атамбаев Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовдон бул маселени жеке көзөмөлүнө алып, санаторий кызматкерлеринин маселесин чечип берүүнү суранды.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!