Мамлекеттик Asman Airlines компаниясынын Кыргызстанга алынып келе турган учактарын Канадада сынап көрүштү. Бул туурасында «Манас» эл аралык аэропортунан кабарлашты.
Кыргызстан сатып ала турган Bombardier Dash Q8-400 үлгүсүндөгү аба кемеси De Havilland Aircraft of Canada заводунда чыгарылган. Учактарды Кыргызстанга алып келүү иштери сентябрь айында аткарылмакчы. Мурдараак Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы ички каттамдарды аткара баштары айтылган.