Кыргызстанда тигилген спорттук кийимдердин басымдуу бөлүгү ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолот. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.
Маалыматка ылайык, өлкө сегиз ай ичинде 248 миң даана спорттук кийим саткан. Анын ичинен Казакстанга — 185,2 миң, Россияга — 51,1 миң, Өзбекстанга — 11,3 миң даана жөнөтүлгөн.
Ошондой эле Польшага 176, Улуу Британияга 112, Нидерланддарга 42 жана Эстонияга 12 даана спорттук кийим экспорттолгон.

