Бүгүн, 24-ноябрда, кыргызстандык спортчу Адилет Жапаркулов Япониянын Токио шаарында өтүп жаткан XXV Жайкы Сурдлимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча 74 кг салмак категориясында чемпион болду.
Бул жеңиш Кыргызстан үчүн Сурдлимпиада тарыхындагы алгачкы алтын медаль болду.
Адилет Жапаркулов финалда Иран спортчусу Аболфаси Зохревандды 3:0 эсеби менен утуп, чемпион аталды. Ал финалга чейин Казакстан, Беларусь жана дагы бир ирандык спортчуну жеңген.


