ВЕНГРИЯ ИНВЕСТИЦИЯ САЛУУГА КЫЗЫКДАР
Өзбекстан Республикасына иш сапары менен барган Президент Садыр Жапаров Самарканд шаарында Венгриянын Премьерминистри Виктор Орбан менен жолугушту. Анда кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттары талкууланып, Президент Садыр Жапаров ВенгрияКыргыз Өнүктүрүү фондунун алкагындагы жалпы суммасы 24 млн АКШ долларын түзгөн конкреттүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга көңүл бурду. Эки өлкөнүн ортосундагы соода мамилелеринде мүмкүнчүлүк кыйла жогору болгондугуна карабастан, толук көлөмдө пайдаланылбай жатканын кошумчалады. Андан сырткары кыргызстандык студенттердин Будапештте билим алуусуна шарт түзүп бергендиги үчүн ыраазычылыгын айтты. Өз кезегинде Виктор Орбан венгер тарап Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар экенин, Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстандын социалдыкэкономикалык өнүгүүсүндө оң натыйжаларды көрүп жатканын канааттануу менен белгиледи.
САММИТТИН КАТЫШУУЧУЛАРЫНА СЫЙ ТАМАК
Президент Садыр Жапаров 10-ноябрда “Түбөлүк шаар” комплексинде Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) катышуучу мамлекеттеринин башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн Самарканд шаарына келген мамлекет башчылары менен бирге сый тамакка катышты. Жогорку даражалуу меймандар үчүн Өзбекстан Республикасынын Президентинин атынан расмий кече өттү. Анда түрк элдеринин маданий ар түрдүүлүгүнө арналган концерт болду.
ТҮРК ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫНЫН ЖАҢЫ ДООРУ
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу-өлкөлөрдүн лидерлеринин Саммитинин тогузунчу жыйынында сөз сүйлөп, бул иш-чаранын алкагында Самарканд шаары «Түрк дүйнөсүнүн цивилизациясынын борбору» деп жарыяланышы менен өзбек элин жалпы кыргыз элинин атынан куттуктады. Ошону менен бирге Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы кызматына Кубанычбек Өмүралиевдин талапкерлигин колдогондуктары үчүн ыраазычылык билдирди. «Саммиттин темасы «Түрк цивилизациясынын жаңы доору — жалпы өнүгүү жана өркүндөөгө карай бирге» деп аталат. Соңку эки-үч жылда жер жүзүндө эл аралык маанидеги ар түрдүү чакырыктар пайда болду. Учурда дүйнөдөгү туруксуз кырдаал менен катар, аймактык коопсуздук маселелери алдыңкы планга чыгууда” — деген Садыр Жапаров өз ара кызматташууну күчөтүүнү талап кылаарын айтты. Дүйнө жүзү коронавирус пандемиясынын терс таасиринен али толук чыга элек. Учурдагы кризис шартында соода алакаларын кеңейтүү үчүн дагы тыгыз кызматташуу зарылдыгы күн тартибинде турат. Кыргызстан менен Түрк мамлекеттер уюмунун өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданын көлөмү былтыркы жылы 40 пайызга өскөн. Садыр Жапаров соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн транспорт маселеси дагы чоң мааниге ээ экендигин белгилеп өттү. Ошондой эле Түрк мамлекеттери уюмунун Инвестициялык фондун түзүү демилгесин колдоорун, «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясынын долбоорун алдыга жылдырууда, анын алкагында биз 2023-2027-жылдарды «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер» жылдары деп жарыялоо демилгесин көтөрүп жаткандыгын айтты. Ушул жылдын май айында БУУнун Нью-Йорктогу штабквартирасында сунуш кылынган Беш жылдык пландын концепциясын колдоону эскертип, бүгүн айтылган бардык демилгелер келечекте ишке ашырылат деген ишенимин билдирди. Саммиттин тогузунчу жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.
АЛИШЕР НАВОИ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК СЫЙЛЫГЫ–ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВГО
Саммиттин тогузунчу жыйынынын алкагында Алишер Навои атындагы «Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн» эл аралык сыйлыгы Чыңгыз Айтматовго көзү өтүп кеткенден кийин ыйгарылды. Аталган сыйлыкты ыйгаруу ТМУга катышуучу-өлкөлөрдүн Мамлекет башчыларынын чечими менен кабыл алынган. Сыйлыкты Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Мамлекет башчысы Садыр Жапаровго тапшырды. Садыр Жапаров өзбек элине түрк адабиятынын жана дүйнөлүк адабияттын, жалпы эле маданияттын өнүгүшүнө кошкон эбегейсиз зор салымын эске алуу менен көрүнүктүү жазуучу Чыңгыз Айтматовду кадыр-барктуу сыйлыкка көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирип, улуу жазуучунун чыгармачылыгы — көөнөрбөс мурас жана жалпы дөөлөт экенин өзгөчө белгиледи.
ЛИДЕРЛЕР КӨЧӨТ ОТУРГУЗДУ
Президент Садыр Жапаров Саммиттин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн келген мамлекет жана делегация башчылары менен биргеликте “Регистан” аянтына көчөттөрдү отургузуу иш-чарасына катышты. Бул ишчара Президент Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен ишке ашырылып жаткан «Яшил макон» жалпы улуттук долбоорунун алкагында өттү.
СЫЙЛЫГЫН КУТТУКТАП, САЛЫМЫН БЕЛГИЛЕДИ
Өлкө башчысы Садыр Жапаров Саммиттин алкагында Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовго ыйгарылган «Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени» сыйлыгы менен куттуктап, ТМУнун эл аралык кадырбаркын көтөрүүгө кошкон жеке салымын белгилеп өттү. Жолугушкан тараптар активдүү темп менен өнүгүшү керек болгон тармактарда кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнү макулдашышты.