"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кыргызстан турак жай менен камсыз кылуу темпи боюнча ЕАЭБде алдыңкы сапта

Кыргызстан элди турак жай менен камсыз кылуунун темпи боюнча Евразия экономикалык биримдигиндеги (ЕАЭБ) лидер мамлекеттердин катарына кирди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылдын январь-март айларында өлкөдө турак жай курулушунун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,2%га өскөн.

Салыштыруу иретинде, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр боюнча бул көрсөткүчтүн орточо өсүшү 9,4%ды түзгөн.

Статистикалык орган мындай жыйынтыкты турак жай курулушунун активдүүлүгү жана мамлекеттик программалардын ишке ашырылышы менен байланыштырат.