"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кыргызстан-Түркия журналисттеринин кызматташтыгы бекемдейт

2025-жылдын 10-июлунда Бишкек шаарында Түркия Республикасынын Анталья шаарынын Журналисттер биримдигинин төрагасы Идрис Таш жана Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзу коомдук бирикмесинин төрагасы Илязбек Балташев расмий жолугушуунун алкагында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Аталган документ эки өлкөнүн журналисттик уюмдарынын ортосунда өз ара түшүнүшүүнү жана узак мөөнөттүү кызматташууну өркүндөтүүгө багытталган.

Меморандумда журналисттер үчүн тажрыйба алмашуу, билим берүү программаларын ишке ашыруу, биргелешкен иш-чараларды, форумдарды, конференцияларды өткөрүү жана маалымат чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты тереңдетүү каралган.

Кол коюу аземинен кийин тараптар эки өлкөнүн ЖМК өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды бекемдөөнүн маанисин белгилешип, келечектеги демилгелерди биргелешип ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти. Бул кызматташтык журналистиканын сапатын жогорулатууга, сөз эркиндигин жана кесиптик этиканы илгерилетүүгө багытталган. Башталган иштин аягы жакшы. Ийгиликтер арбын болсун!