"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кыргызстан жана Казакстан чек арада соода-логистикалык комплекс курат

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда өз ара сооданын өсүшүнө жана инвестицияларды тартууга өбөлгө түзгөн жагымдуу саясий климат бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-августта, Бишкекте Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирди.

Мамлекет башчылары соода көлөмүн көбөйтүү, товарлардын түрүн кеңейтүү жана бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле кыргыз-казак чек арасындагы индустриалдык соода-логистикалык комплексти куруу, Алматы облусунда дүң-бөлүштүрүү борборун ачуу жана «Алматы – Ысык-Көл» автожолун куруу долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурулду.

Эске салсак, Касым-Жомарт Токаев 21-августта Кыргызстанга расмий сапар менен келген. Сапардын алкагында эки тараптуу бир катар жолугушуулар жана иш-чаралар өтүп жатат.