"Эркин-Тоо"

Кыргызстан жана Тажикстандын топографиялык жумушчу топторунун жыйыны өттү

 7-апрелден 13-апрелге чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргызстан жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү.

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын тактала элек аймактары боюнча биргелешип изилдөө иштерин жүргүздү.

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды тактоо боюнча ишти улантат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!