"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда үч суу сактагыч курулат

Тоң, Жети-Ѳгүз, Кочкор, Жумгал райондук суу чарба башкармалыктарына сугат системаларын тейлөө үчүн атайын техникалар тапшырылды. Аталган техникалардын жалпы суммасы 87 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, техникалар президент Садыр Жапаровдун жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун демилгеси менен «Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруунун алкагында берилди.

Долбоордун алкагында орточо кубаттуулугу 3,5 миллион метр куб болгон үч суу сактагычты (Уч-Коргон БСРи Тоң районунда, Шамшы БСРи Кочкор районунда, Түгѳл-Сай БСРи Жумгал районунда) куруу мерчемделген.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!