"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда үч суткада коронавирустан төрт жаран ооруканага жаткырылды

4-6-июлда Кыргызстанда COVID-19дун 30 учуру катталып, төрт адам ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы учурлар Бишкек шаарында, Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарында аныкталган.

«Алардын ичинде жаш курагы боюнча: 7-17 жаш — 3 учур (10%), 18-29 жаш — 8 (26,6%), 30-64 жаш — 15 (50%), 65 жаштан жогору — 4 учур (13,4%).

30 учурдун ичинен 5 учуру Корея, Пакистан, АКШдан келгендердин аныкталса, калган 18 адам оорунун белгилери пайда болгонуна байланыштуу кайрылышкан», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, 2 адамда ооруга чалдыккандар менен байланышкандар катары, ал эми 4 адам учууга байланыштуу ПЧР-тест тапшыруу учурунда аныкталган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!