"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда 1 млн 236 миң 237 турак жай катталган

Кыргызстанда 2024-жылдын 1-октябрына карата 1 млн 236 миң 237 турак жай катталган. Бул тууралуу «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКтын камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу башкармалыгынын башчысынын орун басары Азат Кендирбаев билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 1-февралына карата турак жайды милдеттүү камсыздандыруу келишимдеринин жалпы саны 259 миң 712 түздү, бул 21,01 пайыз камтууга туура келет. Салыштыруу үчүн бир жыл мурунку маалыматка токтолсок, 2024-жылдын 1-февралына карата 140 миң 182 объект камсыздандырылып, камтуу болгону 11,4 пайызды түзгөн.

«Бир жылдын ичинде камсыздандырылган турак жайлардын саны 10 пайызга өстү»,- дейт Кендирбаев.

2024-жылдын 31-декабрына карата табигый кырсыктардан, өрттөн жана башка кырсыктардан 371 үйдүн ээлери жабыркаган. Төлөнгөн компенсациялардын жалпы суммасы 69 млн 964 миң 600 сомду түздү.

2025-жылдын башынан бери өлкөдө камсыздандыруунун 18 учуру катталып, ал жабыркаган турак жайларга 3 млн 635 миң 112 сом төлөнгөн.

«Өлкөнүн түштүгүндө турак жайды камсыздандыруу кеңири жайылган. Анткени бул аймактарда сел, жер көчкү жана жер титирөө сыяктуу табигый кырсыктар көп катталып, турак үйлөр да көбүрөөк жабыркайт», — деди Кендирбаев.

Аймактарда турак жайды камсыздандыруунун көрсөткүчү төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • Бишкек — 9,34%;
  • Чүй облусу — 10,98%;
  • Нарын облусу — 25,07%;
  • Ысык-Көл облусу — 16,18%;
  • Талас облусу — 24,09%;
  • Баткен облусу — 23,77%;
  • Ош облусу — 30,33%;
  • Жалал-Абад облусу — 32,54%;
Пример HTML-страницы