Кыргызстанда 2023-жылдын январь-октябрь айларында 56 миң 866 жаранга пенсия чектелди. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Маалыматка ыдайык, анын ичинде үстүбүздөгү жылдын октябрь айында 2 миң 393 жаранга пенсия чектелди.
«Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1041 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди», — деп айтылат маалыматта.