"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда 10 миң адамга канча дарыгер туура келет?

Адаттыгыдай эле бул жылы да июль айынын биринчи жекшембисинде республиканын Медицина кызматкерлеринин күнү белгиленди. Бул датаны утурлай Улуттук статистикалык комитети кыргыз медицинасына байланыштуу айрым сандар, фактылар менен тааныштырды.

Маалыматта 2023-жылы 193 оорукана уюму, 43 алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү  уюм, эки медициналык тез (ыкчам) жардам көрсөтүү боюнча өз алдынча станция жана бир миңден ашык фельдшердик-акушердик пункт калкка медициналык жардам көрсөткөнү, аймактык ооруканалардын жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунун базасында курамына 232 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун камтыган 57 жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору иш жүргүзгөнү айтылган.

2023-жылы 13 миңден ашык дарыгер жана 34 миңден ашык медайым калкка медициналык-санитардык жардам көрсөтүшкөн. Республиканын 10 миң калкына 19 дарыгер жана 48 орто медициналык кызматкер туура келери да белгилүү болду.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!