Кыргызстанда 1xBet онлайн кумар оюндарынын ишине тыюу салынды. Бул тууралуу Финансы рыногун көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Марат Пирназаров бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 1xBet буга чейин букмекердик контора катары иштеп келген. Бирок анын лицензиясы чакыртып алынган, бүгүнкү күндө бизде иштебейт.
Депутаты Мирлан Самыйкожо 1xBet букмекердик кеңсеси Кыргызстанда мамлекеттик иш-чараларда канча жолу демөөрчүлүк кылып, канча каражат бергенин сурап, жооп ала алган жок.
Дагы бир депутат Эрулан Көкүлов кумар оюндарын көрсөткөн бул букмекердик кеңсени улуттук көкбөрү оюнунда жарнама кылганы үчүн сынга алды.