Кыргызстанга 5G технологиясын жайылтуу боюнча корутунду долбоору КРнын министрлер кабинетининин кароосунда турат. Бул тууралуу «StrategEast: «Мамлекет жана IT» евразиялык форумунда КР санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев билдирди.
Анын айтымында, технологияны жеке секторлор менен биргеликте жайылтуу пландалып, зарыл болгон стандарттарды жана ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү каралууда. 2022-жылы система пилоттук режимде иштеп баштайт.
«StrategEast: «Мамлекет жана IT»форумуна дүйнөлүк жана Кыргызстандын IT индустриясынын өкүлдөрү, Евразия мамлекеттеринен, Чыгыш Европанын жана Борбордук Азиянын IT-ассоциацияларынын жетекчилери, АКШдан, Европа Биримдигинен IT тармагын өнүктүрүүгө жооптуу расмий өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын мүчөлөрү катышышты.