"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда 2024-жылы 744 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, соңку жылдары республикалык, эл аралык маанидеги ири жана ички жолдор салынууда.  3 жыл аралыгында жалпы пайдалануудагы жолдордун 2400 чакырымында оңдоо иштери жүрдү. Анын ичинде 1910 чакырым жолго асфальт төшөлдү.

2024-жылга республикада 650 чакырым жол салуу планга коюлган. Жыйынтыгында коюлган план ашыгы менен аткарылып, 744 чакырым жол салынды. Белгилей кетсек, 2022-2023- жылдары мамлекет 750 даана атайын техника сатып алып, анын 297 даанасы алынып келинген. Ал эми алардын 453 даанасы 20-декабрга чейин келүүсү күтүлүүдө. Белгиленгендей, жаңы атайын техникалардын алынышы, жол салуу түйшүгүн жоюп, ишти илгерилетти.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!