Билим берүү жана илим министрлиги 25 миңден ашык педагогду окутуудан өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окутуу Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Дагы 33 миң мугалим тренингден өтөт.
Педагогдордун кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган иш-чаралар 2023-жылдын июнь жана август айларында Кыргызстандын бардык облустарында жүрдү.
Окутуулар гибриддик форматта — онлайн жана реалдуу режимде жүргүзүлдү. Калган педагогдор 2023-жылдын октябрь, ноябрь жана 2024-жылдын март, май, июнь айларында тренингдерге катышат.