Бүгүн, 29-апрелде Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми Ош Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +25…+30, Талас облусунда +21…+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26…+31, Ысык-Көл облусунда +15…+20, Нарын облусунда +17…+22 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +26…+28 градуска жетет.