Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Эмгек министрлигинин 100 жылдыгына арналган иш-чарада социалдык камсыздоонун негизги багыты – мамлекеттик жөлөк пулдар экенин белгиледи.
Анын маалыматына караганда, 2025-жылдын 1-октябрына карата 298 миң жаран мамлекеттик жөлөк пул алат. Бул топко 53 миң үй-бүлөдөн 190 миң бала кирет.
Ошондой эле учурда 107 миң адам социалдык жөлөк пул менен камсыздандырылган, алардын 37 миңи 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдар.
Адылбек Касымалиев белгилегендей, акыркы 5 жылда социалдык коргоо тармагында олуттуу өзгөрүүлөр болду жана Президент жөлөк пулдардын өлчөмүн 2–3 эсеге көбөйттү.