"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом

Кыргызстанда 298 миң жаран жөлөк пул алат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Эмгек министрлигинин 100 жылдыгына арналган иш-чарада социалдык камсыздоонун негизги багыты – мамлекеттик жөлөк пулдар экенин белгиледи.

Анын маалыматына караганда, 2025-жылдын 1-октябрына карата 298 миң жаран мамлекеттик жөлөк пул алат. Бул топко 53 миң үй-бүлөдөн 190 миң бала кирет.

Ошондой эле учурда 107 миң адам социалдык жөлөк пул менен камсыздандырылган, алардын 37 миңи 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдар.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, акыркы 5 жылда социалдык коргоо тармагында олуттуу өзгөрүүлөр болду жана Президент жөлөк пулдардын өлчөмүн 2–3 эсеге көбөйттү.