Энергетика министрлигинин реформасынын алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК 2025-жылдын башынан бери республика боюнча 332 миң акылдуу эсептегич орнотту.
Жаңы эсептегичтер электр энергиясын так эсептөөгө, уруксатсыз кошулууларды алдын алууга жана жоготууларды кыскартууга шарт түзөт. Ошондой эле керектөөчүлөргө өз чыгымын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашууда.
2025-жылдын аягына чейин дагы 169 миң эсептегич орнотулуп, жалпы саны 500 миңден ашары пландалууда.

