"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда 440,3 миңден ашуун бала кызамыкка каршы эмдөөдөн өттү

18-сентябрдан 29-сентябрга чейин өлкөдө жүргүзүлгөн кызамыкка каршы эмдөө өнөктүгүнүн алкагында 440 миң 343 бала эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч максаттуу топтун 76%ын түзөт. Кампаниянын алкагында эмдөө статусуна же буга чейин кызамык жана кызылча оорусу менен ооруганына карабастан 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдар эмдөөдөн өтүштү.

«Азыркы учурда эмдөө уланууда. ҮМБ/ҮДТ/ФАПтардан жана мектептердеги жана мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги убактылуу эмдөө пункттарынан балдарды акысыз эмдетүүгө болот», — деп айтылат маалыматта.

Пример HTML-страницы