"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда 49 миңден ашуун ипотекалык батир курулуп жатат

Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын стратегиялык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Айбек Кубаталиев билдирди.

Анын айтымында, батирлердин курулушун 2030-жылга аяктоо пландалууда. Курулуш иштери өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлүүдө, анын ичинде:

  • Бишкек шаарында – 17 миң 425 батир;
  • Чүй облусунда – 8 миңден ашык;
  • Ысык-Көл облусунда – 5 миң 115;
  • Нарын облусунда – 433;
  • Талас облусунда – 319;
  • Ош облусунда – 5 миң 674;
  • Баткен облусунда – 4 миң 272.

Курулуштун жалпы көлөмү 49 миң 56 батирди түзөт.

“2025-жылдын аягына чейин Бишкек, Жалал-Абад, Нарын жана Талас облустарында ипотекалык үйлөрдүн курулушу аяктайт”, — деди Кубаталиев.

Пример HTML-страницы