Кыргызстанда 7,7 млн АКШ долларына сүттү кайра иштетүүчү завод курулат
Бүгүн, 21-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров «Нукура Про» ЖЧКсынын башкы директору Гүлзада Сарыбаева жана Кыргыз Республикасынын Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Меделбек уулу Анвар менен жолугушту. Тараптар Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарында сүттү кайра иштетүүчү завод куруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышын талкуулашты.
Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 7,7 млн АКШ долларын түзөт. Анын ичинен 5,4 млн АКШ доллары Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен түзүлгөн кредиттик келишимдин алкагында каржыланат. Каражаттар заводду курууга, технологиялык жабдууларды сатып алууга жана курулуш-монтаждоо иштерине жумшалат.
«Өндүрүш тармагына инвестиция тартуу өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү. Мындай долбоорлордун ишке ашырылышы жаңы өндүрүш кубаттуулуктарын түзүүгө, жумуш орундарын көбөйтүүгө жана ата мекендик бизнести өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Инвестициялар боюнча улуттук агенттик инвесторлорго долбоорлорду ишке ашырууда жаралган маселелерди чечүүгө жана келечектүү демилгелерди илгерилетүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.
Долбоордун алкагында пастерленген жана ультрапастерленген сүт, каймак жана сүт коктейлдерин өндүрүү пландалууда. Ишканада 50гө чейин жаңы жумуш орду түзүлүп, жергиликтүү фермердик чарбалардан алынган сүт чийки затына суроо-талаптын өсүшү жана бюджетке салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшү күтүлүүдө.
Өндүрүлгөн продукция ички рынокко жеткирилип, ошондой эле Казакстанга жана Өзбекстанга экспорттолот. Бул ата мекендик сүттү кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт.
Жолугушууда долбоорду ишке ашырууга байланыштуу маселелер, анын ичинде технологиялык жабдууларды алып келүүдө тарифтик жеңилдиктерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароо үчүн инвестициялык долбоорду жана тиешелүү товардык позицияларды Инвестициялык долбоорлордун реестрине киргизүү маселеси талкууланды. Аталган маселе мыйзамдарда белгиленген тартипте каралат.