Кыргызстанда 2025-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча 3 621 жаранга ипотекалык батир берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Сузак районунун Багыш айыл аймагындагы “Асман-Резиденс-4” көп кабаттуу турак жай комплексиндеги батирлерди тапшыруу аземинде билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому өлкөнүн турак жай саясатынын негизги институтуна айланып, жеңилдетилген ипотекалык батирлерди берүү механизмдерин өркүндөтүүдө маанилүү роль ойноп жатат.
“Акыркы маалыматтар боюнча, 2025-жылдын тогуз айында үйгө муктаж болуп, кезекке турган жана үлүштүк курулуш механизми аркылуу 50 пайызын төлөгөн 3 621 жаранга батир берилди”, — деди Садыр Жапаров.
 
		 
		 
		


